![Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согушкан кыргыз жараны кармалды Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согушкан кыргыз жараны кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/1.jpg)
Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «ИГ» эл аралык террордук уюмунун согушкерлеринин бири, 1993-жылы туулган КР жараны М.У.А. кармалды.
«Аталган жаран чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө жумушка алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен. Мосул шаарындагы (Ирак) логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, ЭТУ тарабынан Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан»,- деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.