![Ош шаарында эл аралык туристтик жарманке болду Ош шаарында эл аралык туристтик жарманке болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/438099805_486283197070857_6969364952402254922_n-1024x683.jpg)
14-майда Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында жайкы туристтик сезондун башталышына карата “Салам Ош – 2024” I эл аралык туристтик жарманкеси болду.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага туризм тармагында иштеген 60тан ашык мекеме-уюмдар катышты. Алардын арасында Түркмөнстан, Өзбекстан, Кытай Эл Республикасы жана Россиядан келген 40тан ашык ишкерлер келе жаткан жайкы сезонго карата даярдыктарын көрсөтүштү.
«Көргөзмө коноктор үчүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген видеорепортаждар уюштурулуп, Ош жергесинин тарыхый жана туристтик жерлерине экскурсиялар уюштурулду. Бул катышуучуларга аймактын маданияты жана каада-салты менен көбүрөөк таанышууга мүмкүндүк берди»,- деп айтылат маалыматта.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев акыркы жылдары Ош облусунда жаңы туристтик жайлардын, ресторандардын, адистештирилген мекемелердин жана туроператорлордун саны көбөйгөндүгүн, былтыркы 2023-жылдын аягына карата аймактагы туризм ишканалары жана уюмдары 106 687 туристти кабыл алганын билдирди.
![Ош шаарында эл аралык туристтик жарманке болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/442420551_486283173737526_528339646766699301_n-1024x662.jpg)
Бул иш-чара эл аралык байланыштарды түзүү жана туризм тармагындагы адистердин тажрыйба алмашуусу үчүн маанилүү аянтча болуп калганын белгилейт.
![Ош шаарында эл аралык туристтик жарманке болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441471651_486283137070863_3011652023541705435_n-683x1024.jpg)