![Путин Орусиянын өкмөтүнүн жаңы курамын бекитти Путин Орусиянын өкмөтүнүн жаңы курамын бекитти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/dsc09219_photo-resizer.ru_.png)
Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүн жана кызмат жетекчилерин кызматка дайындоо тууралуу буйруктарына кол койду, деп билдирди Кремль.
Маалым болгондой, Орусиянын өкмөт башчылыгына кайрадан Михаил Мишустин дайындалды. Денис Мантуров биринчи вице-премьер болду. Коргоо министри болуп Андрей Белоусов дайындалган болсо, ИИМ жана ӨКМдин башчылыгында Владимир Колокольцев менен Александр Куренковдор калышты. Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Юстиция министри Константин Чуйченко да кызмат орундарында калды.
Жаратылыш коргоо министри болуп Александр Козлов, Эмгек министрлигине — Антон Котяков, Маданият министрлигине — Ольга Любимова, Саламаттык сактоо министрлигине — Михаил Мурашко, Экономика министрлигине — Максим Решетников, Финансы министрлигине — Антон Силуанов, Курулуш министрлигине — Ирек Файзуллин, Блиим берүү жана илим министрлигине — Валерий Фальков, Санариптештирүү министрлигине — Максут Шадаев дайындалды.
Министрлик кызматка алгачкы ирет келип жаткан чиновниктердин арасында соода жана өнөр жай министри Антон Алиханов, спорт иштери боюнча министр Михаил Дегтяров, айыл чарба министри Оксана Лут, транспорт министри Роман Старовойт жана энергетика министри Сергей Цивилев бар. Мындан тышкары Путин президенттик администрациянын курамын бекитти. Анда өлкөдө биринчи жолу Коргоо кеңешинин катчысы Николай Патрушев жана Тула облусунун губернатору Алексей Дюмин мамлекет башчынын кеңешчилери болуп дайындалышты.
Өкмөт башчынын орун басарлыгына Татьяну Голикова, Александр Новак, Алексей Оверчук, Дмитрий Патрушев, Виталий Савельев, Марат Хуснуллин, Дмитирий Чернышенко, Дмитрий Григоренко жана Юрий Трутнев бекитилди. Григоренко ошол эле учурда өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, Юрий Трутнев — Чыгыш округдагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болду.
Өкмөткө 5 жаңы кадр келип, анын курамы 16%га жаңыланды.