![Руслан Искенов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты Руслан Искенов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441061174_754367506855008_6199906767591398292_n.jpg)
13-майда Кыргыз ССРинин 12 жолку жана студенттер арасында СССРдин 2 жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Искенов Руслан Сырдыбаевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Руслан Искенов 1940-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Нарын шаарынын Токтогул атындагы орто мектебин аяктаган. 1959-жылы мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны 1962-жылы аяктаган.
1966-жылдан тартып 1972-жылга чейин Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин республикалык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде директор болуп иштеген. 1972-жылдан тартып 1981-жылга чейин Н.К. Крупская атындагы республикалык спорт багытындагы мектеп-интернатынын директорунун орун басары болуп иштеген (азыркы Ш. Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжи). Руслан Искенов спорттук самбону жайылтууга жана өнүктүрүүгө көптөгөн күч-аракетин жумшаган, 1989-жылдан тартып Республикалык самбо федерациясын жетектеген. 1995-жылы Дүйнөлүк самбо федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган. Анын тарбиялануучулары дүйнө жана Азия чемпионаттарына ийгиликтүү чыгышкан.
«Руслан Искеновго 1993-жылы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү зор салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган, 1997-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган. Искенов Руслан Сырдыбаевич ак ниеттүү жана эмгекчил адам катары өмүр сүрдү, кыргыз спортунун кайталангыс талантынын жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз»,- деп айтылат маалыматта.