Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
Ош шаарындагы №22 Салижан Шарипов атындагы мектеп-гимназиянын директору Нурай Дүйшеева аталган мектепте иштебеген кызматкерлердин атын жамынып, айлык акыларын алып жүрөт. Ошондой эле, өзүнүн туура эмес жактарын көргөзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-май күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында аталган мектептин орус тили мугалими Барно Усманджанова билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын башында аталган мектеп-гимназияга директор болуп барган Нурай Дүйшеева өзүнүн компетентсиздигин көрсөтүп, мектепке келбеген кызматкерлердин айлык-акысын өзүнө ыйгарып алган.
Сүрөт: Турмуш» басылмасы
“ Мен 28 жылдан бери мугалим болуп эмгектенем. Учурда С. Шарипов атындагы мектеп-гимназияда орус тилинен сабак берем. Биздин маалымат жыйын уюштурушубуздун себеби төмөндөгүдөй.
Ушул жылдын февраль айында Нурай Дүйшеева директор болуп дайындалды. Ал директор болуп келгенден кийин мектебибизде башаламандык жаралып, директор өзүнүн компетентсиз экенин көрсөттү. 2023-жылы Нурай Дүйшеева директорлордун конкурсунан утуп, Токтогул атындагы мектепке директор болуп дайындалып, ал жакта коллектив менен иштеше албай, бир нече айдан кийин Ош шаардык башкармалыгы аны А. Навои мектебине директор кылып дайындады. Ал жакта ал болгону бир ай гана иштеди. Белгисиз себептер менен аны аталган мектептин директорлугунан алып, эмгек өргүүсүнө жиберишти. Ушул жылдын февралынан баштап биздин мектепке директор болуп дайындалды.
Биздин мектепке келип, компетентсиз тарабын көрсөтүп, адекватсыз жоруктарын жасады.
Ушул учурдан пайдаланып президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Билим берүү министрине кайрылам. Эмне үчүн директорлордун конкурсу керек? Эгер директорлорду ротация кылып, бир-эки мектептке директор кылып дайындай берсеңиздер, эгер ал мугалимдер менен иштөө методун билбесе, эмне кереги бар? Кандай пайдасы бар анын? Мен үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын директорлордун ротациясы шахмат талаасына окшош. Шахматта фигураларды алмаштыргандай директорлорду алмаштыра беришет. Мындан сырткары, С. Шарипов мектебинин администрациясы каржылык катачылыктарга жол берип, мамлекеттин акчасын уурдап жатышат . Азыр мен ошол дирекор келгенден берки каржылык катачылыктар тууралы айтам.
Айгүл Жолдошева – бул директордун эжеси. Биздин мектепте 1-марттан баштап иштейт деп көрсөтүлгөн. Бирок, аны бир жарым айдан бери көрө элекпиз. Бирок, ал айлык акыны алып жатат. Директордун уюштуруу иштери боюнча орун басары Кошоева өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, ар ай сайын Абдураимованын класс жетекчилик иши үчүн берилүүчү 1100 сомун алып жатат. Директор 10-11-класстын класс жетекчиси болуп, ар бир окуучудан 100 сомдон гүл идиши үчүн чогултуп жатат. Президенттин жарлыгы боюнча, окуучлуардан акча чогултууга болбойт деп турат. Мындан сырткары, 5 мугалимди сабактан тышкаркы ийримдер үчүн ишке алып, бирок, сабактан тышкаркы ийримдер өтүлбөй жатат. Жыйында директор бул мугалимдер сабактан тышкаркы ийримдерди онлайн өтөт деп айткан. Деген менен сабактан тышкаркы ийримдерди онлайн режиминде өтсө болбойт. Онлайн режимдеги сабактар качан өтүлөт, качан кандайдыр себептер менен мектеп жабылган болсо гана өтүлөт. Директордун өзүнө кошумча сааттардагы сабактар, сабактан тышкаркы ийримдер катталган. Бирок, ал сабактан тышкаркы ийримдерди өткөн жок, бирок, айлык акыны алып жатат. Негизи эреже боюнча директор сабактан сырткаркы ийримдерди өтсө болбойт”,- деди ал.
Аталган мектепте небереси окуй турганын айткан Махлие Турдуахынова небереси меткепте окуучулар, мугалимдер тарабынан зордук-зомбулукка кабылганын айтты.
Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
“Мен Орусиянын жаранымын. Неберем Ева Каюмова да Орусиянын жараны. Мен Ошто жашап, Ошто чоңойдум. Неберем С. Шарипов мектебинде окуйт. Мен да ушул мектепте окуганмын.
Менин неберем бул мектепте окуп жүргөн бир жылда эмнелерге гана баштан өткөрбөдүк дейсиздер. Балдар – бул биздин улуттук генафондубуз. Балдар- булар өлкөнүн келечеги. Менин неберем адекватту, жакшы окуучу. Апасынын өлүмүнөн кийин неберем менин колумда калды. Мектепте канча окуучуга зомбулук болуп жатат, канча окуучу зордук-зомбулукка кабылып жатат. Урматтуу президент, ушул маселелерге көңүл буруп коюуга чакырам”,- деди ал.
Жогоруда сөз болуп жаткан мектептин директору Нурай Дүйшеева айтылган дооматтарды четке какты.
«Айтылган дооматтардын баары жалган. Сабактан тышкаркы ийримдерди өткөн мугалимдер ишемби күнү келип сабак өтүп жатышат. Аны эми ал мугалим көрбөй калса эле ушинте берет бекен? Анан азыр 17 мугалим Ош шаардык билим берүү башкармалыгына барып, түшүнүк кат жазып отурушат. Сабакты токтотуп, ушунча жаңжал кылды. Ал мугалим негизи жасалма диплом боюнча соттолуп, фамилиясын өзгөртүп, кайра акталган мугалим экен. Мен директор болуп келгенден бир жумадан кийин эле «мени түртүп жиберди», «мени сабакка киргизбей койду» деп эле милицияга чалып, тез жардам чакырып эле басып жүрөт. Бул эмне себептен нааразы болуп жатканы боюнча мотивди билбей жатам. Эми мен ага жакпай калган болсом, ал мага жакпай калган болсо эле иштебей койбойбузда, иштей беребиз. Айтылган кептерин баары жалган. Финансылык катачылыктар жок, кааласа сурап көрүшсүн»,- деди ал