![Словакияда 71 жаштагы жазуучу премьер-министрге ок атууга шектелүүдө Словакияда 71 жаштагы жазуучу премьер-министрге ок атууга шектелүүдө](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2607590.aa68eccc942f64cd34f8f614b6a73528.jpg)
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салууга 71 жаштагы жазуучу шектелип жактанын чет элдик ЖМКлар жазышууда.
Маалыматка караганда, шектүү Юрай Цинтула чыгармаларынын бир нече жыйнагын жарыкка чыгарган. Ошондой эле өзү өскөн Левице шаарында «Радуга» адабий клубун негиздеген.
![Словакияда 71 жаштагы жазуучу премьер-министрге ок атууга шектелүүдө](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2607775.3dfd665227334dde571c2f4a490d2728.jpg)
Алдын ала маалымат боюнча, 5 ок атылып, премьер-министр төшүнөн, курсагынан жана колунан жаракат алган.
Жазуучу мурда күзөт кызматында иштегени айтылууда.
Аталган окуя өлкөнүн өкмөтү көчмө жыйынга чогулган Гандлова шаарынын борборунда болгон. Премьер-министр операция үчүн башка шаарга тик учак менен жөнөтүлгөн. Азырынча абалы оор экени айтылып жатат.