![Кара-Суудагы "Манас" стадиону ушул жылдын аягына чейин оңдоп-түзөөдөн өтөт Кара-Суудагы "Манас" стадиону ушул жылдын аягына чейин оңдоп-түзөөдөн өтөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441208048_860602099443515_1726385401804457418_n-1024x683.jpg)
16-май күнү Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кара-Суу шаарынын «Манас» спорт комплексинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаардын тургундары менен жолугушту. Аталган жолугушуунун башкы максаты спорт комплекстин пландалып жаткан реконструкциясын талкуулоо. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев, Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов, КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ Президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов аталган жыйынга катышышты.
![Кара-Суудагы "Манас" стадиону ушул жылдын аягына чейин оңдоп-түзөөдөн өтөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441187331_860602082776850_5916109118611326350_n-1024x683.jpg)
«Жыйындын жүрүшүндө комплекстин реконструкциясы боюнча эскиздик долбоор көрсөтүлүп, жергиликтүү жетекчилик «Манас» спорт комплексинин оңдоп түзөө — трибуналарды куруу, чуркоочу аянтчаларды орнотуу, комплекстин айланасын көрүктөндүрүү боюнча иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү милдеттенмесин алышты»,- деп айтылат маалыматта.
Реконструкция алкагында КФБ өз консультативдик кеңешин көрсөтүп, ал эми Кыргыз Республикасынын футболду өнүктүрүү фондунун жардамы менен спорт комплекстин стадионунда жаңыланган газон жана жарыктандыруу шам-чырактарын камсыз кылат.
![Кара-Суудагы "Манас" стадиону ушул жылдын аягына чейин оңдоп-түзөөдөн өтөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/442507887_860602079443517_7706889124140126564_n-1024x683.jpg)
Көчмө жыйындан соң жергиликтүү бийлик жана КФБ өкүлдөрү оңдоп түзөө иштери боюнча маселелерин жакындан карап чыгышты.