![Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги конференцияга 5 өлкөнүн жаш илимпоздору чогулду Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги конференцияга 5 өлкөнүн жаш илимпоздору чогулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441149111_1594845764639592_8639665128739326132_n-1024x683.jpg)
16-майда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдык маарекесине карата “Заманбап илимий жана инновациялык ишмердүүлүктө студенттердин ролу” аталышындагы эл аралык илимий практикалык конференция өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, конференциянын катышуучулары алгач окуу жайдын маданий-эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту. Конференциянын расмий бөлүгүндө университеттин ректору, профессор, Абдилбает Мамасыдыков, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан келген окумуштуулар куттуктоо сөздөрүн айтышты.
![Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги конференцияга 5 өлкөнүн жаш илимпоздору чогулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441156020_1594851781305657_5958191510652233504_n-1024x683.jpg)
«Пленардык жыйынды Россия, Казакстан, Германия, Өзбекстан мамлекеттеринин ЖОЖдорунан келген жана Кыргыз Республикасынын жаш илимпоздорунун докладдары улантты. Ал эми эл аралык илимий конференциянын экинчи бөлүгү секциялык иштерде жүргүзүлдү. Аталган эл аралык конференция онлайн жана офлайн багытында уюштурулуп, катышуучулар тарабынан жалпысынан 350дөн ашык доклад окулду»,- деп айтылат маалыматта.
![Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги конференцияга 5 өлкөнүн жаш илимпоздору чогулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441076401_1594852081305627_279180340414134670_n-1024x683.jpg)
Мында секция башчылары жаш илимпоздордун жасаган докладдарынын артыкчылыктарын талдап, актуалдуулугун талкуулашты. Секциялык иштерден кийинки пленардык жыйында мыкты деп табылган доклад ээлерине окуу жайдын жетекчилиги тарабынан дипломдор тапшырылды. Жыйын соңунда окумуштуулар мындай илимий-практикалык канференциянын эл аралык деңгээлде уюштурулушу жаштардын илимге болгон кызыгуусун артырып, студенттердин өз ара мамилесинин бекемделишине өбөлгө түзөрү айтылып, резолюция кабыл алынды.
![Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги конференцияга 5 өлкөнүн жаш илимпоздору чогулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/443734926_1594848017972700_2137497185523435016_n-1024x683.jpg)
Студенттик илимий-практикалык конференция университеттин табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети тарабынан демилгеленип илим бөлүмү менен биргеликте уюштурулду.