![Ошто энелер жөө жүрүшкө чыгышты Ошто энелер жөө жүрүшкө чыгышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/444480932_488007213565122_6531404891691924842_n-1024x682.jpg)
Бүгүн, 17-майда Энелер күнүнө карата өлкөнүн жети дубанынан 200дөн ашык энелер жөө жүрүш уюштуруп, анда улуттук баалуулуктарды сактоо чакырыгы айтылды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, ыраазычылык катын тапшырды.
![Ошто энелер жөө жүрүшкө чыгышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441494688_488007206898456_4022375767121583687_n-1024x682.jpg)
Ак элечек кийген энелер С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан баштап, борбордук аянттан өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына келишти.
![Ошто энелер жөө жүрүшкө чыгышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/438108244_488007016898475_5791118427644129676_n-1024x682.jpg)
Анда Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү көрсөтүлүп, 7 дубандан келген энелер бата берип, иш-чара андан ары концерттик программа менен коштолду.
![Ошто энелер жөө жүрүшкө чыгышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/444457620_488007263565117_5270374167233617236_n-1024x682.jpg)