![Веб-сайт аркылуу сойкукана уюштургандар аныкталды Веб-сайт аркылуу сойкукана уюштургандар аныкталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/161c35be-b723-46a4-a15b-37a90f7b0512.jpg)
УКМК тарабынан ички иштер органдары менен биргеликте сойкулукка тартуу жана көмөктөшүү, интимдик жайларды уюштурууга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жеке адамдар тарабынан “vibish.com” интернет сайты аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана аныкталды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 16-майында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.К.Ш аттуу жаран, КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
![Веб-сайт аркылуу сойкукана уюштургандар аныкталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/4e787653-13cb-499f-b2c4-1786090fc21d.jpg)
«Белгилей кетсек, М.К.Ш. сойкукана уюштуруу боюнча кылмыш ишинин мурда жеткиликтүү болгон материалдарында негизги айыпталуучулардын бири болуп, тергөөдөн жашырынып жүргөн, ошол эле учурда ал сотто көрсөтмөлөрдү бурмалоо менен кылмыштагы шеригин актоо үчүн башка күбөлөрдү да жашырган»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, тергөөнүн жүрүшүндө жарандарды эркинен тышкары күч колдонуп кармап, ур-токмокко алып, денесине залал келтирем деп коркуткандыгы тууралуу да маалыматтар алынган.
УКМК сойкулукка тартуу жана интимдик жайларды уюштуруу боюнча КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.