![Бишкектеги хостолдеги мушташ: борбордогу окуянын хронологиясы Бишкектеги хостолдеги мушташ: борбордогу окуянын хронологиясы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2613089.61f33fa8b61904bab31c2f5e0456835c.jpg)
Сүрөт: «АКИпресс»
Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүңдөгү чет элдиктер жашаганы айтылган имараттын жанында жүздөгөн киши турат. Милиция имаратты курчап, аларды ичкери кирүүгө жол бербей жатат. Курманжан Датка көчөсү ачык, автоунаа эч тоскоолдуксуз өтүп жатат, деп жазган «Азаттык».
Бишкек шаардык милициясы социалдык тармактарда белгисиз бирөөлөр жалган маалымат таратып жатканын билдирип, шаардыктарды чагымга алдырбай, сабырдуу болууга чакырды. Ошондой эле жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
17-майда интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты.
Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирген.
Жума күнү кечинде Ички иштер министрлиги тараткан видеодо жүзү жабылган үч эркек кечирим сураганы көрүнөт. Алардын бири «Кыргызстандын бардык элинен кечирип сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз», — деп орусча айтканы угулат.
Маалыматка караганда мушташ 13-майда болгон. Кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары жана Кыргызстанда кандай максатта жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок.
Милиция коомдук тартипти бузгандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
ИИМдин билдирүүсү
18-майда таңкы саат 4кө чукул Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымат таратып, Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу экенин билдирди, деп жазган «Азаттык».
Маалыматта шаардык милициянын өздүк курамы ички аскерлер жана башка түзүмдөр менен бирдикте күчөтүлгөн шартта коомдук тартипти камсыз кылары белгиленет. Борбор калаанын бардык көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилгени да айтылат.
Ага чейин Бишкектин милициясы социалдык тармактарда белгисиз бирөөлөр жалган маалымат таратып жатканын билдирип, шаардыктарды чагымга алдырбай, сабырдуу болууга чакырган. Ошондой эле жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Жаңжалда жараат алгандар болгон
Саламаттык сактоо министрлиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларда жабыр тарткандар тууралуу маалымат берген.
Маалыматка ылайык, 17-майдын кечинде борбордогу жаңжалда 28 адам жараат алды.
Жабыр тарткандардын теңинен көбүнүн аты-жөнү жазылган, калганы ысымдары көрсөтүлгөн эмес. Аты-жөнү жазылгандардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени көрүнүп турат.
Колго тийген маалыматтарга ылайык, жараат алгандардын көбүнө жеринен жардам көрсөтүлгөн, алар өздөрү ооруканага жатуудан баш тарткан. Кабарда бир нече адам ар кандай жарааттар менен ооруканага жаткырылып, кээлери милицияга өткөрүлүп берилгени кабарланат.
Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларга байланыштуу “Азаттыкка” кооментарий берип, жаракат алган жарандары тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнөн маалымат алганын билдирди. Элчиликтин кызматкери билдиргендей, Бишкектеги окуядан 14 пакистандык жабыр тарткан, каза болгондор тууралуу маалымат жок.