![«Чогулгандардын арасында курал алып жүргөндөр болду»: Камчыбек Ташиев Бишкеткеги окуя тууралуу айтты «Чогулгандардын арасында курал алып жүргөндөр болду»: Камчыбек Ташиев Бишкеткеги окуя тууралуу айтты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/576fec1c-33ee-4055-895d-8ce2681d0808-1024x568.jpg)
18-майга караган түнү Бишкек шаарынын Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде 13-май күнү хостелде орун алган мушташ боюнча кармалган жаранды бошотуу, мушташка тиешеси бар чет өлкөлүк жарандарды жаза тартуу талабы менен 1000дей адам чогулган. Укук коргоо органдары аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чогулгандар таңга жуук тарашкан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-май күнү кайрылуу жасап, аталган жаңал тууралуу айтты.
«Урматтуу мекендештер, кечээги 18-май күнгө караган түнү болгон окуялар тууралуу кыскача маалымат берейин деп чечтим. Анткени, бул окуялар ар түрдүү ракурста көрсөтүлүп жатат. Эми азр технологиянын заманы болгондон кийин баарынын колунда тсмартфондор бар.
Кечээги болгон окуяга 18 жаштан 25 жашка чейинки жалаң жаш балдар катышкан. 200дөн баштап, 500дөн 700гө чейин балдар окучга катышып жүрүштү. Ошол балдардын талабы чет өлкөдөн бизге келген мигранттардын көбөйүп кетүүсүнөн чыкты. Ошол келген мигранттардын көбөйүп кеткендигине байланыштуу биз өзүбүздү чараларыбызды көрө баштаганбыз. Жакында эле урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтин өзүнүн жеке тапшырмасы менен өлкөбүзгө мыйзамсыз келген мигранттардын жоопкерчилигин кароо боюнча, ошонун негизинде апрель-май айларында бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү жана азыр да жүрүп жатат. Күнүнө жо дегенде 30-50 мыйзамсыз жүргөн мигранттарды таап чыгып, мамлекеттен чыгаруу аракеттерин көрүп жатабыз.
Башка мамлекеттен келген мигранттардын мыйзам бузуучулугу боюнча толук статистика биздин колубузда бар. Анын ичинде көптөгөн мыйзам бузуучулукка баргандар – булар Пакистан жана Бангладеш өлкөлөрүнөн келген жарандар болуп саналат. Пакистандан келген 1,5 миңге жакын адамды биз өлкөдөн чыгардык. Бангладештен келген миңге жакын адамды сыртка чыгардык. Бирок, ошол эле мезгилде мыйзамды бузуп, өлкөнүн ичинде жүргөн 5 миңге жакын адам бар. Ошонун 1360ы Пакистандан, 1300 адам Бангладештен. Калгандары башка өлкөлөрдөн келгендер. Ошондуктан, бүгүнтөн баштап биздин өлкөгө мыйзамсыз кирген башка мамлекеттин жарандарын өлкөдөн чыгаруу боючна чоң иш-чаралар уюштурула баштайт»,- деди ал.
Ошондой эле Ташиев чогулгандардын арасында курал алып жүргөндөрү, кырдаалды саясий алкакка буруп жибергиси келгендер да болгонун билдирди.
«Негизинен, кечээ чогулгандардын талаптарын туура деп эсептейбиз. Бирок, ошол эле кезде коомдук тартипти бузуу, же мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч жаратуу маселелери карала турган болсо, анда мамлекет тарабынан кайсыл бир чаралар көрүлөт. Кечээ мамлекеттик органдар тарабынан бул адамдарга эч кандай чаралар көрүлгөн жок жана эч кандай күч колдонулган жок. Анткени, биз алардын мүнөзүн байкап турдук. Алар коркунучтуу кырдаалды жарата турган ойлору болгон жок. Бирок, ошолордун арасында провакаторлор бар болгонун биз билебиз жана алардын баарын тактап бүттүк. Алардын арасында смартфону менен ар кандай маселелерди көтөрүшүп, мамлекеттик бийликке, мамлекеттик түзүлүшкө каршы маселе көтөргөндөр да болуп жатты. Алардын баарын тактадык. Аларды жоопко тартабыз. Кечээги чогулгандардын ичинде курал менен жүргөндөр да болду. Курал менен жүргөндөрдү да кармадык. Аларды да жоопко тартабыз.Анткени, ошол курал атылып, кимдир бирөөгө тийип, провокация болуп кете турган болсо, анын кийинки жолдору да жакшы болмок эмес. Ошондукта, урматтуу мекендештер, биз мамлекеттик түзүлүштү, өлкөдөгү ар бир жаранга шарт түзүп берүү боюнча иштерди жасайбыз жана мындан ары да ушундай иштер болуп, ал дагы саясий өңүткө уланып кете турган болсо, чара көргөнгө толук күчүбүз жетет»,-деди Ташиев.