![Кара-Суу районунда үй-бүлѳлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү Кара-Суу районунда үй-бүлѳлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/1ab434e4-7420-4410-8c54-9e452d80c284.jpg)
Ушул жылдын 17-май күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен Кара-Суу районунда үй-бүлѳлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаардык мэриясынын алдындагы көп тармактуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун” психологу, юристи, “Ак жүрөк” кризистик борборунун психологу, “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун психологу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.
![Кара-Суу районунда үй-бүлѳлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/159bedb4-cc8a-4c7c-b21a-dbbeb2d6e15e-1024x766.jpg)
«Адистер милициянын каттоосунда чыр-чатактуу үй-бүлө катары турган үй-бүлө мүчөлөрү (күйөөсү, аялы, балдары) менен жекече маектешип, чыр-чатактын келип чыгуу себептерин алдын алуу жана аларды жоюу боюнча иш алып барышты. Юристтер үй-бүлөдө талаш жараткан маселелерди чечүү боюнча кеңештерди беришти. Күнүмдүк турмушунда көйгөй жаралып жаткан кээ бир тургундар психологдордун жана юристтердин келгенине ыраазы болушуп, алардан кеп-кеңештерди мындан ары дагы алып туруу ниетин билдиришти. Ал эми, балдар психологдору мектепке барышып, коомчулук арасында балдарга карата сексуалдык аракеттерди жасоого жөндөмү (склонность) бар атуулдарды кантип ажыратуу мүмкүн экендиги жана бала курагындагы психологиянын түрлөрү тууралуу кеңири түшүндүрмө беришип, берилген суроолорго жооп беришти»,- деп айтылат маалыматта.
Соңунда Отуз-Адыр айылдык милиция бөлүмчөсүндө жыйынтыктоочу чогулуш болду. Анда катышуучулар иш-чаранын негизги максаты болгон зомбулукту токтотуу жолдорун аныктоо боюнча пикир алмашышып, биргеликте кызматташууну күчөтүү тууралуу чечимин кабыл алышты.
![Кара-Суу районунда үй-бүлѳлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/99eff1bd-a8aa-4e61-bfef-66c6d3e91782-1024x766.jpg)
Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды облус аймагындагы бардык райондордо өткөрүү демилгеленип, жогоруда аталган мекеме, уюмдар менен биргеликте иш алып баруу мерчеми түзүлүп, өткөрүү графиги бекитилген.