![Ататүрк паркындагы үйлөрдүн жашоочулары митинг өткөрүштү Ататүрк паркындагы үйлөрдүн жашоочулары митинг өткөрүштү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2614982.e739fd8f17c3ea245e364ad84e640c5e.jpg)
Сүрөт: «АКИпресс»
Бүгүн, 20-май күнү Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев көчөсүнүн жашоочулары митингге чыгышты.
Бүгүн Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузуу иштери башталмак. Айрым маалыматтар боюнча бул иштер белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Азырынча Бишкек мэриясы так маалымат бере элек.
Тургундар турак жай курууга уруксат кагазы бар жана мамлекеттик актысы бар объектилерди бузуу мыйзамсыз деген пикирлерди айтышты. Алар турак жайларды бузуу үчүн соттун чечими керек экенин билдиришти.
Митингге жүзгө жакын адам чогулган.