![Ирандын президенти Ибрагим Раиси каза болду Ирандын президенти Ибрагим Раиси каза болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/199956-1_large-1024x585.jpg)
Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрагим Раиси 63 жашында Чыгыш Азербайжан провинциясында тик учак кырсыгынан каза тапты. Бул маалыматты чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.
Кырсык 19-майда президент Азербайжан менен чектешкен аймактагы дамбанын ачылышынан кайтып баратканда болгон. Тик учакта президент менен кошо Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян жана Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Мохаммад Али Аль-Э-Хашем бар болчу.
![Ирандын президенти Ибрагим Раиси каза болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2614298.dd6b655771f5219218fd83f4549861bc.jpg)
Президенттин тик учагы кулаган жер
Ирандын башка чиновниктери отурган 2 тик учак белгиленген жерге конгон.
Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ага чейин Ирандын башкы прокурору жана жогорку соттун судьясы болуп эмгектенген. Ага 2019-жылы АКШ менен Европа биримдиги санкция жарыялаган.
Маркумдун жубайы философия илимдеринин доктору. Алар эки кыздуу болушкан.