![Ош: Кара-Суу жана Ноокат районундагы мыйзамсыз майнинг-фермалар жабылды Ош: Кара-Суу жана Ноокат районундагы мыйзамсыз майнинг-фермалар жабылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/46556a31-d3fe-4c21-83c5-ee92ef7c04ad-1024x768.jpg)
Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат районундагы майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын жоюу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы майнинг-фермалардын (криптовалютаны өндүрүү) мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.
![Ош: Кара-Суу жана Ноокат районундагы мыйзамсыз майнинг-фермалар жабылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/141a6501-f1e2-4a0d-b3b8-f86aac236dd5-1024x768.jpg)
«Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык жабдуу аныкталып, алынды.Аталган майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.
![Ош: Кара-Суу жана Ноокат районундагы мыйзамсыз майнинг-фермалар жабылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/bb37c2f3-740e-4fe1-98d5-2cc7c7aa8fc2-1024x768.jpg)
Жогоруда аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын бардык көлөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкка берүү пландалууда.