Иран өкмөтү тик учакта кулаган президент Ибрагим Раиси жана башкалардын өлүмүнө байланыштуу билдирүү тартты, деп жазата Mehr.
«Иран элинин эмгекчил жана талыкпас президенти, өлкөнүн өнүгүшү жана прогресси үчүн Ирандын улуу элине кызмат кылуудан башка эч нерсе жасабаган, убадасына туруп, улут үчүн жанын аябады», — деп айтылат билдирүүдө.
Өкмөт “ар-намыстын жана кызматтын жолу” улана берет жана өлкөнү башкарууда “кичине да үзгүлтүккө учурабайт” деп ишендирди. Буга чейин Ирандын министрлер кабинети чукул жыйын жарыялаган.
19-май күнү кечинде Раиси бараткан тик учак Ирандын түндүк-батышындагы Чыгыш Азербайжан провинциясынын адырлуу жеринде дайынсыз жоголгон. Иран делегациясы Азербайжандан кайтып келе жаткан. Тик учакты издөө иштери он сааттан ашык созулган.
20-май күнү эртең менен Mehr мамлекеттик агенттиги Ирандын президенти Ибрагим Раиси каза болгонун кабарлады. Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури Раисинин өлгөнүн тастыктады. Президент менен бирге Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малик Рахмати жана тик учакта болгон дагы бир нече адам набыт болгон.
Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер шайлоого чейин өлкөгө жооптуу болот.