![Сулайман-Тоо белгисиз мөөнөткө жабылды Сулайман-Тоо белгисиз мөөнөткө жабылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/442472103_758191746472584_6794278837378996411_n.jpg)
2024-жылдын 18-май күнү жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы туристтик жолдорго таш кулап, сел жүргөн. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комлексинен билдиришти.
Маалыматка караганда, нөшөрлүү жамгырдын натыйжасында көрөрмандардын коопсуздугу үчүн Сулайман-Тоого кирүүчү жолдор убактылуу жабылган.
20-май күнү тоодогу туристтик жолдорду, Үңкүр музейин тазалоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу, бул күндөрү туристтик жолдор менен Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн жабык.
![Сулайман-Тоо белгисиз мөөнөткө жабылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/442443710_758191859805906_9176305270435038681_n.jpg)
ӨКМ тарабынан мониторинг иштери жыйынтыкталып, коопсуздук камсыздалгандан кийин музей комплекстин иштөө режими калыбына келтирилет.
«Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз»,- деп айтылат маалыматта.