![Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ош облусунун жашоочуларынын жашоо деңгээлин көтөрүүчү долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ош облусунун жашоочуларынын жашоо деңгээлин көтөрүүчү долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/438170808_490084836690693_6753620329633139918_n-1024x682.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуу өлкөлөрүбүздүн ортосундагы чыңдалып жаткан байланыштарды баса белгилеп, достук жана бир катар иш максаттар талкууланды.
![Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ош облусунун жашоочуларынын жашоо деңгээлин көтөрүүчү долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/444486272_490084740024036_2400906614671428263_n-1024x682.jpg)
«Жолугушууда Э.Н. Джантаев Н.Боулерге визити үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн билдирди. Ош облусу социалдык-экономикалык тармакта кызматташуу жана бирдиктүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин баса белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.
Боулер мырза өз кезегинде Улуу Британия аймакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоого кызыкдар экенин билдирди. Ал британ тарап экономикалык өсүшкө жана Ош облусунун жашоочуларынын бакубаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүүчү демилгелерди ишке ашырууда кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.
![Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ош облусунун жашоочуларынын жашоо деңгээлин көтөрүүчү долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441496152_490084753357368_591615827369686176_n-1024x682.jpg)
«Жолугушуунун соңунда Э.Н. Джантаев Улуу Британиянын элчисинин иш сапары Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө карай маанилүү кадам болуп саналаарын белгиледи. Ал бул багыттагы мындан аркы кадамдар көрүнүктүү натыйжаларды берип, Ош облусунун өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди»,- деп айтылат маалыматта.
![Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ош облусунун жашоочуларынын жашоо деңгээлин көтөрүүчү долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/438093944_490084873357356_5014406955189197572_n-1024x682.jpg)
Жолугушуунун жыйынтыгында эки элдин кызыкчылыгы үчүн диалогду улантуу жана биргелешкен ишти активдештирүү зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилди.