![Милиция 5 айдан бери дайынсыз болгон 25 жаштагы жаранга издөө салды Милиция 5 айдан бери дайынсыз болгон 25 жаштагы жаранга издөө салды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/ddc36926-edd9-494b-a8fa-74e62a01289b-1024x994.jpg)
Кара-Суу районунун 25 жаштагы туругун 5 айдан юери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 15-февраль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Кыштак аймагынын 1964-жылы туулган К.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 27-декабрь күнү саат 20:00 чамасында уулу 1998-жылы 22-октябрында туулган Курбанов Ойбек Атажанович үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Бул факты каттоого алынып, ыкчам издөө иштери башталган.
«Кийген кийимдери: кара түстөгү куртка, кара джинсы шым, сары түстөгү спорттук бут кийим.
Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 150-160см., дене түзүлүшү арык, ак жүздүү, кашы-көзү кара
Жогорудагылардын негизинде дайынсыз болуп жаткан 1998-жылы 22-октябрында туулган Курбанов Ойбек Атажанович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшунуздарды суранабыз: тел.: 0700 98 09 28, 0558 82 48 80, 0553 54 10 10, 0557 54 00 30″,- деп айтылат маалыматта.