![Ноокат РИИБдин өздүк курамы талаа шартында түнөп, күжүрмөн даярдыгы текшерилди Ноокат РИИБдин өздүк курамы талаа шартында түнөп, күжүрмөн даярдыгы текшерилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/f9d596a3-ebe7-44f5-a068-90102d36ccb4-1024x576.jpg)
Ушул жылдын 21-май күнү саат 7:00дө Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы жана ардагерлер “Ай гай” белгиси менен түп көтөрүлүп, катарга тизилишти. Анда бөлүмдүн жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин белгиленген тапшырмаларды аткарууга күжүрмөн даярдыгы жана талаа капка салынган тийиштүү боюмдар текшерилди.
![Ноокат РИИБдин өздүк курамы талаа шартында түнөп, күжүрмөн даярдыгы текшерилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/1f6d3f62-1238-4a86-a9b5-014bdd241e37-1024x682.jpg)
Ош ООИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, андан ары Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ноокат-Ош авто жолу менен аскердик жөө жүрүш жасашып, тоо бооруна “Кыргыз милициясына 100 жыл” жазуусун таш менен терип чыгышты.Иш-чаранын жүрүшүндө аркан тартыш, таш көтөрүү жана тулку бойду колду бүгүп көтөрүү (отжимание) спорттук оюндары уюштурулду.
![Ноокат РИИБдин өздүк курамы талаа шартында түнөп, күжүрмөн даярдыгы текшерилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/14ee64ed-79ff-4788-b8b9-0e91e87fca4f-1024x682.jpg)
«Иш-чаранын максаты — өздүк кесипкөйлүүлүгүн арттыруу, кызматкерледин ар кандай шартта күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда ынтымагын бекемдөө жана кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 100 жыл толгондугун даңазалоо менен мекенчилдик сезимди күчөтүү болуп эсептелет»,- деп айтылат маалыматта.
Спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө жетекчиликтин Ардак грамоталары тапшырылды.
Кызматкерлер бир күндүк аскердик жөө жүрүш убагында буюм капка салынган атайын тамак-аштар менен талаа шартында түштөнүштү.
![Ноокат РИИБдин өздүк курамы талаа шартында түнөп, күжүрмөн даярдыгы текшерилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/dcb6747d-3885-43fd-9135-5f67f05ca08a-1024x682.jpg)
Ал эми ардагерлер жаш кызматкерлерге өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн ак ниет менен кызмат кылууга шыктандырган насааттарын айтышты. Соңунда кызматкерлер патриоттук ырларды аткарышып, кайра аскердик жөө жүрүш менен кайтышты.