![Облуста окуучулардын бүтүрүү кечелеринде коопсуздукту сактоо талкууланды Облуста окуучулардын бүтүрүү кечелеринде коопсуздукту сактоо талкууланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/442414020_490691073296736_1044718404899756385_n-1024x682.jpg)
21-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында облустагы укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, талкуунун негизги маселеси Ош облусундагы коомдук-саясий абалдын туруктуулугун жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болду.
![Облуста окуучулардын бүтүрүү кечелеринде коопсуздукту сактоо талкууланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/438118049_490691076630069_4257207058535815689_n-1024x682.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев облустун укук коргоо органдары жана коомчулук менен активдүү байланышып, туруктуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын иш-чараларды байма-бай өткөрүү тапшырмасын берди.
«Ошондой эле 25-майда акыркы коңгуроо аземин ийгиликтүү өткөрүү менен бирге иш-чарада коопсуздукту камсыз кылуу, айдоочулук укугу берилбеген окуучулардын автоунаа айдоосуна жол бербөө жана ата-энелерге, бүтүрүүчүлөргө жол кыймылынын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү зарылчылыгы айтылып, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуунун маанилүүлүгү баса белгиленди»,- деп айтылат маалыматта.
![Облуста окуучулардын бүтүрүү кечелеринде коопсуздукту сактоо талкууланды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/442414020_490691073296736_1044718404899756385_n-1-1024x682.jpg)
Ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик башчыларына мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен облустагы коомдук-саясий абалга таасирин тийгизген көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечип, эл менен тыгыз иштешип, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин так жана сапаттуу аткарууну тапшырды.