Афганистандын түндүк провинцияларында террорчулардын топтолуп жатканы атайын кызматтардын көңүлүн бурушу керек. Бул көрүнүш КМШнын түштүк чек арасынын бүтүндүгүнө коркунуч жаратып баштады. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 24-май күнү Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин жыйынында билдирди.
Башкы чекисттин айтымында, Орусиянын Москва облусундагы «Крок Сити Холлдогу» терракт бүгүнкү күндө терроризм курч көйгөй экенин, ал кайсы гана өлкө болбосун экономикалык жана аскердик күчү, жайгашкан жерине карабастан коркунуч жаратып келерин көрсөттү.
«Эл аралык террористтик уюмдар жана алардын спонсорлору стратегиялык максаттарына жетүү үчүн айрым региондордогу чыңалган коомдук-саясий абалды пайдаланууну көздөп жатышат»,- деди К. Ташиев.
Ошондой эле Ташиев Израиль менен Палестинанын чыры боюнча да үн катып, бул конфликт бардык өлкөлөрдөгү этно-конфессионалдуу абалга терс таасир этип жатканын айтты.
«Биринчи кезекте мусулмандардын саны көп болгон мамлекеттерге, анын ичинде КМШга мүчө мамлекеттерге терс таасир этүүдө. Ошондой эле Израиль менен Палестинанын чыры этностор жана конфессиялар аралык конфликттердин курчушуна коркунуч жаратты»,- деди ал.