![Камчыбек Ташиевдин кенже уулу футбол боюнча улуттук курамага чакырылды Камчыбек Ташиевдин кенже уулу футбол боюнча улуттук курамага чакырылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/444150476_18436957369000623_7390820498079971236_n-1024x1024.jpg)
Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы Улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатына жана 2027-жылкы Азия Кубогунун июнда өтө турган тандап алуу оюндары үчүн даярдыктын алкагында өтө турган жыйынга кураманын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Бул тууарлуу Кыргыз футбол бирлигинен билдиришти.
![Камчыбек Ташиевдин кенже уулу футбол боюнча улуттук курамага чакырылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/444150696_18436957378000623_3288347965871207303_n-1-1024x1024.jpg)
Маалыматка караганда, отуз үч оюнчудан турган курама 27-май– 4-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Эскертек, беттештерге болгон өтүнмөгө 23 гана оюнчу кирет, акыркы тизме 3-июнда белгилүү болот.
![Камчыбек Ташиевдин кенже уулу футбол боюнча улуттук курамага чакырылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/444137716_18436957387000623_137245068141556078_n-1024x1024.jpg)
«Улуттук курамабыз тандап алуу оюндарынын алкагында 6-июнь күнү Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда Малайзияга каршы кез келет. Ал эми, 11-июнда, Омандын борбор калаасы Мускат шаарында Оман Улуттук курама командасы менен ойнойт»,- деп айтылат маалыматта.
Кыргыз футбол биримдиги жарыялаган футболчулардын тизмесине ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбе Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев да курамага чакырылган.
2022-жылы майда Эмир-Хан Кыдыршаев «Барселонанын» жаштар курамына кошулганын Кыргыз футбол биримдиги билдирген.
![Камчыбек Ташиевдин кенже уулу футбол боюнча улуттук курамага чакырылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2022-05-12_10-00-23_792539.jpg)
2019-жылы Ташиевдин кенже уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Италиядагы Паоло Росси атындагы футбол академиясына тапшырган. Анда Кыдыршаев аталган академияда окуган алгачкы кыргызстандык болгон. Андан соң ал «Испаниядагы» «Леванте» клубунун академиясына өткөнү, аталган өлкөдө жашары белгилүү болгон.