![Өзгөндө окуучулар бараткан унаа кырсыкка кабылды. Жабыркагандар бар Өзгөндө окуучулар бараткан унаа кырсыкка кабылды. Жабыркагандар бар](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2625513.72a31766e5d2dd0c297dd7fa97432e94.jpg)
Ош облусунун Өзгөн районунда окуучулар бараткан автоунаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.
Алардын айтымында, окуя бүгүн, 24-май күнү болуп, окуучулар бара жаткан «Деу Тико» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган.
«Бир кыздын буту менен бели сынганын айтып жатышат»,- деди күбөлөр.
Алдын ала маалыматка ылайык, унааны 1967-жылы туулган жаран башкарган.
Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгына кабылган окуучулардын бири ооруканага кайрылган. Учурда бул факты боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.
Өзгөн райондук ооруканасынан билдиришкендей, үч окуучу ооруканага кайрылган. Алар түрдүү жарааттарды алышкан.