![700 миллион сомго бааланган "Ак-Тилек" соода комлекси мамлекетке өттү 700 миллион сомго бааланган "Ак-Тилек" соода комлекси мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/a6d0019e-4659-40bf-92ec-ae29910e109e-1024x574.jpg)
«Ак-Тилек» кооперативинин каржылык-экономикалык ишмердигинде өзгөчө ири өлчөмдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат караганда, УКМК тарабынан Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги тарабынан финансылык-экономикалык ишмердүүлүктө бир топ мыйзам бузуулар жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттери аныкталды.
![700 миллион сомго бааланган "Ак-Тилек" соода комлекси мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/5bd14c8c-94cf-4646-bbb2-4b34d4479ec3-576x1024.jpg)
«Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КР УКМК тарабынан «Ак-Тилек» соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылды»,- деп айтылат маалыматта.
![700 миллион сомго бааланган "Ак-Тилек" соода комлекси мамлекетке өттү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/53eb9a59-22af-40dc-9e29-0ecd2a3510a3-1024x768.jpg)
Жыйынтыгында, «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 м2, баасы 700 миллион сомдон ашкан «Ак-Тилек» базарын КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди.
Учурда тергөө иштери уланууда.