![Кенжекул айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү өздөрү окуган мектептин дааратканасын жаңыдан куруп беришти Кенжекул айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү өздөрү окуган мектептин дааратканасын жаңыдан куруп беришти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/92b23f31-e377-47c9-93c9-0dbb7f4a25aa-1024x768.jpg)
Кара-Сууу районунун Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылындагы мектепти 20 жыл мурунун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектептин дааратканасын жаңыдан куруп беришти. Бул тууралуу аталган айылындын туругуну Сыдык Исиров билдирди.
Анын айтымында, классташтар начар абалдагы мектептин дааратканасын жаңыдан куруп берүүнү чечип, курулушуна 1 млн сом акча сарпташкан.
![Кенжекул айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү өздөрү окуган мектептин дааратканасын жаңыдан куруп беришти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/5a8f4c62-3a43-4371-892e-818669277e40-1024x768.jpg)
«Кара-Суу районунун Кенжекул айылындагы 2004-жылкы бүтүрүүчүлөр мектептин авариялык абалдагы дааратканасын жаңыдан куруп беришти. Бул бүтүрүүчүлөр буга чейин да өздөрү окуган Топчубай Юнусов атындагы мектепке жардам берип келишкен. Жалпы жардам 1 млн сомдон ашты»,- деди С. Исиров.
![Кенжекул айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү өздөрү окуган мектептин дааратканасын жаңыдан куруп беришти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/edd21c7c-ef59-431f-b9a3-281fe894543f-1024x768.jpg)