Сүрөт: «Азаттык»
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Индиянын 11 миң, Пакистандын 12 миң 970 жараны бар, деп билдирди тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бүгүн, 27-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.
Министрдин орун басарынын айтымында, алардын арасында студенттер менен жумушчулар да бар.
Депутат Илимбек Кубанычбеков (Кара-Суу округу) алардын канчасы милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алганын сурады.
Милдеттүү медициналык фондунун өкүлү 7996 чет өлкөлүк студент аталган полисти алганын, эки жылдын ичинде 11 чет элдик жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алганын билдирди.