![Ош шаарында алгачкы жолу оркестр негизделди Ош шаарында алгачкы жолу оркестр негизделди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/a8efd1d0-cc8a-4fae-8c3f-bd6f22b5574c-1024x576.jpg)
Бүгүн, 27-май күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Ош шаардык маданият башкармалыгынын астында түзүлгөн оркестрдин бет концерти болуп өттү.
Концертте оркестр кул ээлөөчүлүк доорундагы гладиоторлордун салгылашын чагылдырган Голливуддун «Гладиатор» тасмасынан, түрк сериалдарынан саундтректерди ойношту.
Ошондой эле, Атай Огомбаевдин «Эсимде» жана башка чыгармаларды ырчылар оркестрдин коштоосунда актарышты.
![Ош шаарында алгачкы жолу оркестр негизделди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/7cd535d5-21b5-4261-b3fc-813ec416b944-1024x768.jpg)
Концерт Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, бул иш-чара көптөн бери пландалып келе жаткан иштердин бири экенин аталган башкармалыктын башчысы Элдияр Кадыркулов билдирди.
«Ош шаарында алгачка ирет Кыргыз эл аспаптар оркестри түптөлдү. Оркестр Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу ачылды. Биздин улуттук күүлөрүбүздү, ырларыбызды сактоо кыйын болуп калат. Бирок оркестр ушунун барын сактап калат деп ойлойбуз жана ошондой эле келечекте бир гана күүлөр, ырлар менен чектелбестен, азыркы өсүп келе жаткан жаштардын табитине ылайык дагы саунтректерди чагылдырып элди дагы да болсо таң калтырсак, жан дүйнөсүнө музыканы жеткиргени аракет кылабыз. Бул оркестр 2024-жылдын башында түзүлүп, бүгүнкү концертке үч ай даярдык көрүлдү», — деди Э. Кадыркулов.