![Владимир Зеленский согуш күчөгөн аймакты атады Владимир Зеленский согуш күчөгөн аймакты атады](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/1834571.505394d085917afbe33e770143eff29a-1.jpg)
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен болгон согушта айыгышкан күрөш жүрүп жаткан аймакты атады. Анын айтымында, согуш Донецк облусунун Покровск айылында жүрүүдө.
Зеленский кечээ, 26-майда жасаган билдирүүсүндө Харьковдо да Вочанск менен Липцев шаарында каршылашы чабуул жасоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын билдирген.
Зеленский ошондой эле соода борборуна болгон аткылоодон ураган имараттан куткаруу иштери уланып жатканын кошумчалап, андан 14 киши каза болгонун айтты.
Мындан сырткары аскердик курал-жарактардын берилишин тездетүү маселесин көтөрдү.