![Ош шаарында 1-июндан тартып "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына старт берилет Ош шаарында 1-июндан тартып "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына старт берилет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2003432.0b4243d5fd45bdc32ba21609faca93a9.jpg)
Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына старт берилет. Алгач долбоор бир ай бою пилоттук режимде иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 28-май күнү Ош мэриясында өткөн маалымат жыйында аталган долбоорду ишке ашыра турган «Мегафон» компаниясынын аткаруучусу «АЛТАЙ ИМПЭКС» ЖЧСнын өкүлдөрү билдирди.
Алардын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин шаардагы 44 жайга ылдамдыкты өлчөй турган камералар орнотулган.
Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Султанали Эгембердиев билдиргендей, В. Ленин, А. Шакиров, Г. Айтиев, А. Масалиев, Б. Осмонов, Р. Абдыкадыров көчөлөрүндөгү 44 жерге камералар орнотулган.
![Ош шаарында 1-июндан тартып "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына старт берилет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/7181d2aa-2089-48ef-941b-547c3b6b72c6-1024x576.jpg)
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, былтыркы жылы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча конкурс жарыяланып, 2023-жылдын 27-декабрында Орусиянын «Мегафон» компаниясы менен келишимге кол коюлган.
«Аталган компания менен 5 жылдык келишимге кол коюлган. Долбоордун жалпы баасы 2,5 млрд сомду түзөт. Азыр компани бардык чыгымды өзүнө алат. Долбоор ишке ашкандан кийин компания төлөмдөрдү алат»,- деди ал.
![Ош шаарында 1-июндан тартып "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабына старт берилет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/fccac818-a93e-41d8-866f-296ab2fdadc9-1024x576.jpg)
«Мегафон» компаниясынын долбоорун аткаруучу ЖЧК- «АЛТАЙ ИМПЭКС» ЖЧКсынын өкүлү Уткирбек Умаров 44 жерге коюлган камералар унаанын ылдамдыгын, жөө адамдар өтүүчү сызыктарды баскан унааны, коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды жана тыюу салынган жерлерге унааларын токтоткон учурларды каттайт.