![Бишкектеги чет өлкөлүк студенттердин окуясына байланыштуу Свердлов РИИБдин башчысы Ж. Абитов иштен кетти Бишкектеги чет өлкөлүк студенттердин окуясына байланыштуу Свердлов РИИБдин башчысы Ж. Абитов иштен кетти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2369897.e10177f02db20262bd3776431b08e902.jpg)
Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк студенттердин окуясынан кийин Свердлов РИИБдин башчысы Жеңиш Абитов жана 9 кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
- Жеңиш Абитов 2024-жылдын апрель айында Свердлов РИИБдин башчысы болуп дайындалган.
Маалыматка караганда, 27-майда ички иштери министри Улан Ниязбековдун катышуусунда коллегиялык жыйын болгон. Анда 13-майдагы жана 17-майдагы окуялардын маселеси каралды.
![Бишкектеги чет өлкөлүк студенттердин окуясына байланыштуу Свердлов РИИБдин башчысы Ж. Абитов иштен кетти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2631502.b86f33ac5d999c214f2cda6fb9607b7f.max_-1024x682.jpg)
«Коллегияда ИИМдин, Бишкек ШИИБдин, Бишкек шаарынын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана укук тартибин камсыз кылуу милдети жүктөлгөн ИИБдин кызматкерлери катышты. Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев борбордо болуп өткөн окуялар тууралуу маалымат берди. ИИМдин ички иликтөө кызматынын башчысы Жолболду Көчкөнов 13 жана 17-майда болгон окуялар боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды»,- деп айтылат маалыматта.
ИИМдин коллегиясынын чечими менен ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине жана кызматкерлерине тартиптик жазала берилди.
![Бишкектеги чет өлкөлүк студенттердин окуясына байланыштуу Свердлов РИИБдин башчысы Ж. Абитов иштен кетти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2631514.9103375982b9b7aa3db651a8130255ea.max_-1024x980.jpg)
Бардыгы болуп 20 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Алардын ичинен Свердлов РИИБдин 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду. Мындан тышкары Бишкек ШИИБдин жана Свердлов РИИБдин 10 кызматкери ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
13-майда ыкчам тергөө тобунун курамында турган кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.