![Ноокат РИИБдин тергөөчүсү 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалды Ноокат РИИБдин тергөөчүсү 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/863a6b91-195f-4ad7-8d23-0a576a80208b-1024x576.jpg)
Опузалап акча талап кылгандыгы үчүн Ноокат РИИБдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, УКМК ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган Ноокат РИИБнин тергөөчүсүн кармады.
«Тактап айтканда, Ноокат РИИБнин тергөөчүсү, 1998-жылы туулган Т.У.Т. аттуу милициянын улук лейтенанты тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө арыз ээсине каршы чечим чыгарганы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталды. Үстүбүздөгү жылдын 25-майында көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган тергөөчү иш бөлмөсүндө 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, тийиштүү далилдерди жок кылууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Ишкананы тинтүү учурунда көрсөтүлгөн акча каражаттары табылды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кармалган адам эсин жоготкондуктан, окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, ал Ноокат райондук ооруканасына жаткырылды, учурда абалы туруктуу. Медициналык текшерүүнүн жана дарылоонун жыйынтыгы менен Т.У.Т.ну КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камоо маселеси каралат. Учурда тергөө иштери уланып, аталган кылмышка башка кызматкерлердин катыштыгы аныкталууда»,- деп айтылат маалыматта.
![Ноокат РИИБдин тергөөчүсү 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/54639a40-46d3-45a2-858d-81c8caf04c01-1024x576.jpg)
Үстүбүздөгү жылдын 28-мартында УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны Т.К.Х да 40 миң сом өлчөмүндө пара алуу учурунда кармалган. Бул иш боюнча тергөө иштери аяктап, сот органдары тарабынан каралып жатат.
Атайын кызматтар ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөштү улантууда.