![Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча Кубанычбек Айбек уулу Олимпиадага жолдомо утту Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча Кубанычбек Айбек уулу Олимпиадага жолдомо утту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/img_3858-1024x682.jpg)
Ош шаарынан дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алганын Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети билдирди.
Маалым болгондой, ал эл аралык федерациянын эрежеси боюнча квотадан мекендештеринин ичинен эң жогорку рейтингге ээ дзюдочу катары өткөн.
![Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча Кубанычбек Айбек уулу Олимпиадага жолдомо утту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/img_3837-1024x683.jpg)
Айбек уулу Кубанычбек тарыхта биринчи жолу дзюдо боюнча Чоң шлем мелдешинде алтын медаль уткан спортчу. Ал мындай жыйынтыкты 2023-жылдын 24-26-мартында Грузиянын борборунда дзюдо боюнча Чоң шлем мелдешинде көрсөткөн.
Белгилей кетсек, бул Париждеги Олимпиада оюндарына катышууга лицензия алган Ош шаарынан биринчи спортчу.
![Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча Кубанычбек Айбек уулу Олимпиадага жолдомо утту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/img_3838-1024x683.jpg)
Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров ушул күндөрү Абу-Дабиде (БАЭ) өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда коло байге утуп, быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга кепилдик алган.