Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында тоо эчкиге мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталды. Тактап айтканда, аталган коруктун Каңгырама участкасында атылган үч кийиктин (2 теке, 1 эчки) башы жана алардын терилери табылды. Бирок окуя болжолдуу бир айдын аралыгында катталгандыктан, далилдүү материалдар табылган жерден шектүү браконьер кармалган эмес.
«Бул факт NABU-Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзгөн атайын рейддин алкагында аныкталды. Анткени тоо эчкилерине мыйзамсыз аңчылык кылган фактлар катталып жатканын жергиликтүү активисттер билдирген. Анын алкагында, Араван жана Кара-Кулжа райондорунун егерлери жана аңчы адистери менен биргеликте пландан сырткары рейд жүргүзүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча акт түзүлүп, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Башкармалык табылган бул материалдарды “Барс-2” тобунун кызматкерлери менен биргеликте атайын экспертизага тапшырды.
Кошумчалай кетсек, NABU-Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери буга чейин Кара-Суу районундагы Папан, Ата-Мерек, Кыркол, Кожокелең, Жиптик жайлоолоруна жана Ноокат районунун Бел-Өрүк аймактарына райондук аңчы адистер менен биргеликте рейд жүргүзүшкөн. Анын алкагында, мыйзамсыз аңчылык кылуу фактлары катталган эмес. Бирок жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүп, аларга жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.