![Путин: Украинанын легитимдүү бийлиги- парламент менен Раданын төрагасы Путин: Украинанын легитимдүү бийлиги- парламент менен Раданын төрагасы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/b5b1f8b52f9544fe5b4bbe9bc909a537.jpg)
Орусиянын президенти Владимир Путин учурда мыйзамдуу бийлик Украинанын Жогорку Радасында жана анын төрагасынын колунда экенин айтты. Ал мындай оюн Ташкент шаарына болгон жумушчу сапарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Ооба, Украинанын мыйзамына ылайык, өлкөнүн аймагында согуштук абал болсо президенттик шайлоо өткөрүлбөйт. Бирок, бул анын ыйгарым укуктары улана берет дегенди түшүндүрбөйт. Алардын Конституциясынын 111-беренесинде жогорку бийликтин ыйгарым укуктары төрагага өткөрүлүп берилет деп жазылган. Башкача айтканда, учурда легитимдүү бийлик Раданын колунда»,- деди Путин.
Орус лидерине жооп кылып Украинанын Жогорку Радасынын төрагасы Руслан Стефанчук өлкөдөгү абал алынгыча Владимир Зеленскийдин ыйгарым укуктары сакталарын билдирген.
![Путин: Украинанын легитимдүү бийлиги- парламент менен Раданын төрагасы](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/1753645316_0_0_2964_1667_600x0_80_0_0_198ec661b1c334d09c6667ce47c4940f.jpg)
«Биздин Конституциянын тексттерин тандап окугандарга айтарым, ал жерде Украинада жаңы президент шайлангыча мурункусу өз ишин уланта берет деген жери бар. Демөкратиялык өлкөлөрдө бул көрүнүш «бийликтин үзгүлтүккө учурабашы» деп аталат. Муну Россиядагы «чексиз бийлик» менен алмаштырбагыла. Учурда Зеленскийдин бийлик башында калышы мыйзам чегинде»,-деди Стефанчук.
24-майда Миниск шаарында өткөн маалымат жыйында Путин Зеленскийдин президенттик мөөнөтү аяктаганын, мындай болгон күндө да Россия тарап сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганын айтып, бирок документтерге кол коюуда мыйзамдуу жак менен гана иш алып бара турганын билдирген. Владимир Зеленский Путиндин айткандары аны кызыктырбай турганын айткан.
Украинада кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылдын 31-мартында өтмөк. Бирок, согуштук абалдан улам шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.