!["Эки күндө студенттерден 300 миң сом чогулган": Кыргыз-Өзбек университетинин мугалимдери кармалды "Эки күндө студенттерден 300 миң сом чогулган": Кыргыз-Өзбек университетинин мугалимдери кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/7c881dc1-8109-464a-902f-aefb86489fc4.jpg)
Мамлекеттик экзамендерди кабыл алуу учурунда акча талап кылгындагы үчүн ЖОЖдун деканынын орун басары кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, КР УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучулары тарабынан студенттерден системалуу түрдө акча чогултуу фактысын аныктады.
«2024-жылдын 27-майынан 29-майына чейин КӨЭУнун гуманитардык-педагогикалык факультетинде Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик экзамендер өтүп, анын жүрүшүндө аталган факультеттин деканынын орун басары Д.у.Д., экзамендик комиссиянын мүчөлөрү К.У.Б., А.О., К.Р., А.Н. жана А.А. менен сүйлөшүп, студенттерге жасалма тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, алардын ар биринен 1500 сомдон талап кылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, экзамендин эки күнүндө студенттерден болжол менен 300 000 сомго жакын акча каражаты чогултулган»,- деп айтылат маалыматта.
Топтолгон материалдардын негизинде, 2024-жылдын 28-майында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү( Опузалап акча талап кылуу)боюнча кылмыш иши козголуп, декандын орун басары Д.у. Д. УКМКнын тергөө абагына камалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.