![Ош: Кара-Суу көчөсүндөгү шишкебек сатылчу жай бузулду Ош: Кара-Суу көчөсүндөгү шишкебек сатылчу жай бузулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/8528f966-0668-43cd-b901-dd8541e0219a.jpg)
Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгшкан шишкебек сатчу жай сүрдүрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык СЭСтен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарында жайгашкан «Тимур» соода борборунун жанындагы 40 сомдук шишкебек сатуучу жай санитардык талаптарга жооп бербегени боюнча социалдык тармакка чыккан соң Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери экономика министрилиги менен макулдашып , пландан сырткары жолдомонун негизинде текшерүү жүргүзгөн.
![Ош: Кара-Суу көчөсүндөгү шишкебек сатылчу жай бузулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/028f6014-9748-47f3-80f4-d3868adec152-768x1024.jpg)
Текшерүнүн натыйжасында 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, санитардык талаптарга жооп бербегени аныкталды.
![Ош: Кара-Суу көчөсүндөгү шишкебек сатылчу жай бузулду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/2636915.6273508e36233756af53381114cc45e7.max_-1024x577.jpg)
Азыркы убакытта жеке ишкер тараптан соода борбор сүрдүрүлүп, жаңыдан имарат куруу иштери башталган.