![Быйылкы жылы ажыга бара тургандардын алгачкылары учуп кетишти Быйылкы жылы ажыга бара тургандардын алгачкылары учуп кетишти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/445751561_791295286522704_2638360377882081055_n-1024x575.jpg)
30-майдан 31-майга караган түнү кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Ош – Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышалыгына учуп кетишти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-майдан 8-июнга чейин Ош – Медина жана Ош-Жидда багыттары боюнча 4018 жаран учат. Ал эми Бишкек шаарынан алгачкы каттам 6-июнда башталып, 10-июнга чейин уланат. Жалпысы болуп 2042 жаран Бишкек – Медина, Бишкек – Жидда багыттары боюнча жөнөп кетишмекчи.
![Быйылкы жылы ажыга бара тургандардын алгачкылары учуп кетишти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/445713389_791295359856030_742037041361301280_n-1024x575.jpg)
Быйылкы жылы 6060 жаран өздөрүнүн ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышалыгына барат
![Быйылкы жылы ажыга бара тургандардын алгачкылары учуп кетишти](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/445766650_791294999856066_8299415800241645228_n-1024x575.jpg)