![Кара-Сууда 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди Кара-Сууда 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/444492840_496282916070885_7874816181898776451_n-1-1024x682.jpg)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы 275 орундуу М.Тешебаев атындагы мектептин салтанаттуу ачылышына катышты.
Бул мектептин курулушу 9 жыл мурда башталган эле. Эми мына курулуш иштери аяктап биздин балдар, биздин кыздар жаңы окуу жайына кирип жатышат деген Акылбек Жапаров, республика боюнча бул сыяктуу курулушу башталып бирок ортодо токтоп калган мектептердин 80 пайызы бүткөрүлгөн билдирди.
![Кара-Сууда 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441538821_496285716070605_4629756642656457464_n-1024x682.jpg)
МинКаб башчысы өлкө экономикасынын өсүшү бардык тармактарда алдыга жылууларга өбөлгө болуп, анын ичинде билим берүү тармагына өзгөчө өңүл бурулуп, акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынганын белгиледи.
«Элдин кирешесин көбөйтүү үчүн 365 миңден ашык адамдын айлык акысын жогорулаттык, анын ичинде мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык жана башка тармактын кызматкерлердин маянасы жогорулады. Булардан тышкары 700 миңден ашык пенсионердин пенсиясына 3 жылда 3000 сомдон ашык коштук»-деди ал.
![Кара-Сууда 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/445365993_496281249404385_8105888495489200357_n.jpg)
Андан аркы сөзүндө МинКаб башчысы быйыл мектепти бүтүрүп жаткан окуучуларга жана алардын ата энелерине кайрылып, кесип жана жогорку окуу жайды тандоодо дыкат мамиле кылууга чакырды.
Ошондой эле МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Өзгөн районундагы № 60 Т.Төлөнбаев, Ноокат районундагы Маданият орто мектептеринин ачылыш аземине онлайн форматында катышты.