Ош шаарынын №2 «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын О.Акимбаев көчөсүнүн ( мурунку Сай-Бою көчөсү) №1 дарегинде жайгашкан курулушу токтоп турган имараттын ордуна жаңы муниципалдык күрөш залы курулушу аяктап, аны менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышты.
Күрөш залынынын курулушу Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жүргүзүлгөн
Муниципалдык күрөш залында спортчулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп, машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, коммуналдык жайлар менен камсыздалган.
Спорттук залдын узундугу 38 метр, туурасы: 18 метрди түзөт.
Аталган муницпалдык күрөш залынын долбоорун «Адис Алай» ЖЧС түзүп, курулуш иштерин “Гранд Сити” ЖЧК ишке ашырган. Келишим өткөн жылдын 18-декабрында түзүлүп, курлуштун сметалык 36 млн 210 миң 286 сомду түзгөн. Келишим боюнча курулуш 33 млн 239 миң 754 сомго бүткөн.