![Өзгөндө 12 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип эки адам кармалды Өзгөндө 12 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип эки адам кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/340775.1.1519272361.jpg)
Иллюстрациялык сүрөт
Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын 12 жаштагы туругуну асынган абалда каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип, эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 25-май күнү ϴзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Б.А. аттуу тургуну (жаш өспүрүм) үйүнүн короосундагы сарайында өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө Соттук медициналык экспертиза дайындалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголгон. 2024-жылдын 30-май күнү бул кылмышка шектүү катары ϴзгөн районунун Р.С. жана Ж.Т. аттуу жарандар кармалып, алардын берген көрсөтмөлөрү күмөн жараткандыктан, аныктоо максатында соттук психолого-психиатриялык экспертизалары дайындалган. Ош облустук психитария жана наркология берген маалыматына ылайык Р.С. жана Ж.Т. аттуу жарандар психиатр дарыгеринин каттоосунда психикалык ооруларынан улам каттоодо турушкан. Учурда тергөө амалдары уланып жатат»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Turmush басылмасы өздүк булактаргына таянып Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 12 жаштагы тургунун асынган абалда табышканын жазган.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы ϴзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Б.А. аттуу тургуну (жаш өспүрүм) үйүнүн короосундагы сарайында өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөнүн, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү суралганын, экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын билдирген.