![Кыргызстанда VAR-системасы алгачкы ирет колдонула баштайт Кыргызстанда VAR-системасы алгачкы ирет колдонула баштайт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/06/448092420_876715051165553_8027841541559655736_n-1024x1024.jpg)
5-12-июль күндөрү Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын U-20 жашка чейинки курама командалары арасында чемпионат орун алат. Аталган эл аралык мелдешке Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан курамалары катышат, деп билдирди Кыргыз футбол биримдиги.
Маалыматк караганда, аталган мелдеште, Кыргызстан кабыл алган бардык эл аралык беттеш жана турнирлердин жана БАФА эгидасы алдындагы мелдештерди тарыхында биринчи жолу калыстарга видео жардам системасы (VAR) колдонулат.
«Азыркы учурда, Кыргыз футбол биримдиги алдыдагы турнирде колдонуу үчүн бул системанын техникалык жабдууларын даярдоону аяктоодо»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, бүгүн, 11-июндан баштап калыстар видео кайталоо системасы үйрөнө башташты.
Маалым болгондой, Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде калыстардын видео жардам системасын (VAR) орнотуу жана аны менен колдонуп, иштөөнү үйрөтүү боюнча тренинг башталды.
«Беш күндүн ичинде «Slomo.tv» компаниясынын адиси Александр Калинин ата-мекендик калыстар корпусунун өкүлдөрүн жана КФБнын бир катар адистерин VAR-системасы менен иштөөгө үйрөтөт»,- деп айтылат маалыматта.
Аталган окутуу Кыргыз футбол биримдиги алган алгачкы VAR-системасынын жабдуусунда жүргүзүлөт.