Ош шаарында 7-июндан 16-июнга чейи жол эрежелерин бузган жалпы 2 миңден ашык факт катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Жалпы жол эрежелерин бузган айдоочулар 2 миң 825 түздү. Аларды ичинен:
- мас айдоочу-19;
- айнеги караңгылатылган айнек-13;
- документи жок унаа башкаруу-52;
- коомдук жайда тамеки чегүү- 8;
- жасалма мамлекеттик белги-3.
«Жол эрежелерин бузган жана башка мыйзамдарды бузган айдоочуларга протоколдор түзүлүп, 145 автоунаа айып короого токтотулду»,- деп айтылат маалыматта.