Ош шаарында эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 19-июнь күнү Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов шаардагы Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулушу боюнча муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык көчмө кеңешме жыйынын өттү.
Мында тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, 2 нөөмөт менен жумушту уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Буга чейин шаардык архитектура тарабынан жолго чыгып кеткен же курулушка тоскоолдук жараткан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, алып салуу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Монуев көчөсүндө унаа тыгынынын пайда болушунун алдын алуу максатында жол толук жабылбайт.
«Жалпы жумуш 600 метр аралыкта жүрөт. Жол азыркыдан бир топко кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык тармактар кошо курулат. Убактылуу ыңгайсыздактар үчүн шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз»,- деп айтылат маалыматта.
Мэрия баштаган шаар тургундары менен конокторго Ошко кирүүгө жол ыңгайлуулук түзүү аракеттерине бата тилеп, чыдап турайлы.
Таза кызмат, нарктуу иштер, үлгүлүү жүрүм-турум ар бир жарандан күтүлөт.