Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Хеббейлик Бай Доу Цзя компаниясынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде жер семирткич заводун куруу долбоору ишке ашырылууда, деп билдирди Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, буга чейин Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын борбору Shijiazhuang шаарында Ош облусуна жер семирткич чыгаруучу заводдунун техникалык жабдууларын жөнөтүү аземи болуп өткөн.
Кытайдын Хеббейлик Бай Доу Цзя компаниясы тарабынан демилгеленген долбоордун бул маанилүү учуру Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында эки тараптуу кызматташтыктын чыңдалышын билдирет.
Завод дыйкандарды заманбап экологиялык жер семирткичтер менен камсыз кылып, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана продукциянын сапатын жакшыртууга жардам берет.
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев:
«Бул завод өлкөбүздүн айыл чарбасын өнүктүрүүдө, аймактарыбыздын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодо жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү элемент жана инвестиция болуп калат»
Курулуштун жалпы баасы 260 млн АКШ долларын түзөт. Завод ишке кирсе 1000 ден 3000 чейин адам жумуш орду менен камсыз болот. Айрыкча заводго жакын жайгашкан айыл аймактарда 70-80 % жумуш менен камсыздоого мүмкүнчүлук жаралат.
Завод негизинен гуминдик аралашма жер семирткичин ( из натуральных органических веществ, гуматов) чыгарат.
Андан сырткары демонстрациялык паркта:
— айыл чарба техникаларын куруу;
— Кыргызстанда үрөнчүлүкту өнүктүрүү;
— айыл чарба өндүрүүчүлөрдү финансылык жактан колдоо.
Эң жакшы. Негизи Кыргызстан айыл чарба багытына ыңгайлуу биздин аракетибизге жараша мол түшүмүн берекесин берет деп үмүттөнөм. Климаты таза жер кыртышы минералдык заттарга бай. Биз пайдаланыштын жолун кеңири окуп колдонуп өнүгүшүбүз керек.