12-июль күнү Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда 20 жашка чейинки курактагы футболчулардын финалында Иран менен Кыргызстан ойноду.
- Аталган мелдешке Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Алгач курамалары оюн талаасына чыгып, өз өлкөлөрүнүн гимндерин ырдашты.
Оюндун биринчи таймында Иран коопту учурларды жаратып, анын бир голго айланды. Ирандын оюнчусу алыс аралыктан Кыргызстандын дарбазасына карай тепкен учурда, кыргыз курамынын оюнчусу топту колу менен тосуп алды. Натыйжада калыс Кыргызстандын дарбазасына пенальти белгиледи. Пенальтини Ирандын чабуулчусу Реза Ганди голго айлантып, эсепти ачты.
Экинчи таймдын башталышында эле аралап кирген Реза Гандини кыргыз футболчулары токтото алышкан жок. Ал эки футболчуну алдап барып, оюндагы экинчи голун киргизди.
Экинчи таймдын 56-мүнөтүндө оң капталдан чыгарылган топту кайра эле Реза Ганди башы менен сүзүп, голго айлантты.
Үч гол өткөрүп жиберген кыргыз курамасы акырындык менен чабуулга чыга баштады. Ошондой чабуулдарын биринде, сол капталдан кыргыз футболчусу топту Ирандын дарбазасына тээп жыгылды.
Жыйынтыгында калыс видео кайталоо системасын карап, Ирандын дарбазасына пенальти белгиледи. Пенальтини 68-мүнөттө Умар Мадаминов голго айланта алган жок. Ал тепкен топ дарбазанын мамысына тийип калды.
Андан ары кыргыз курамасы канчалык чабуул жасабасын Ирандын дарбазасына жол таба алган жок.
Оюндун жыйынтыгында Иран мелдештин чемпиону, кыргыз курамасы экинчи орунду ээледи.
Футбол боюнча 20 жашка чейинки курактагы футболчулардын куралган курамалардын Борбор Азия чемпионаты 5-июлда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек»стадионунда башталган. Чүчүкулактын натыйжасында Кыргызстан курамасы Тажикстан, Ооганстан курамасы менен чогуу «А» тайпасында жайгашкан. «В» тайпасында Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан курамалары орун алган.
Мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи
Тайпалык оюндардын жыйынтыгында, Кыргызстан Ооганстанды 4:0 эсебинде утуп, Тажикстан менен тең ойногон. Натыйжада 4 упай жана голдордун айырмачылыгы менен кыргыз курамасы тайпадан биринчи орун менен Тажикстан экинчи орун менен чыккан.
«В» тайпасында Иран биринчи орунду, Өзбекстан экинчи орунду алган.