Сүрөт: Исхак Туратбеков
Кечээ, 14-июль күнү саат 14:00дө жааган нөшөрдөн кийин Кара-Суу районунун бир нече айылдарында сел жүрүп, жүздөгөн үйдү каптаган. Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, А. Навои паркына, Борбордук базарды суу каптаган.
ӨКМ билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча 14-июль күнү катталган селдин кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы 3 айыл аймакта тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:
- 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП);
- 642 турак үйгө суу кирген.
Ош шаары боюнча:
- 1 соц. обьект (1 бала бакча);
- 146 турак үйгө сел суусу кирген.
Жеринде тактоо иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.
Селден кийин 4 жарандын дайынсыз экенин маалым болгон. Аларды издөөгө 350 адам тартылганын ӨКМ билдирген. 14-июль күнү 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыз Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40да сөөгү табылган.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 15-июль күнү Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500м жетпей жеринде) ӨКМдин куткаруучусу Алтынбек Исабеков тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылган.
Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д . аттуу аял киши ( кыздардын апасы). экени аныкталды. Аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан дарыядан алып чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда Борбордук базарда тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу убактылуу жабылган.