Ош шаарындагы Борбордук базарды тазалоого милиция кызматкерлери, муниципалдык кызматкерлер жана мэрияга караштуу ишканалардан атайын техникалар тартылды. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
«Борбордук базарга селдин кесепеттерин жоюуга сел сууларды тазалоого ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 23 куткаруучу 6 өрт өчүрүүчү унаалар жана «Ош-Тазалыктан» 100 адам, 4 техника, 4 суу ташуучу унаа, Борбордук базардын администрациясынан 12 кызматкер жана ИИМден 280 кызматкер, Ош шаардык Дезстанциядан 6 кызматкер, көрктөндөрүү жашылдандыруу чарба комбинатынан 20 адам жана 1 «Портер» жана жылуулук берүү камсыздоо борборунан 1 экскаватор, жол башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 «КамАЗ» тартылган»,- деп айтылат маалыматта.
14-июль күнү жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Борбордук базардагы сатуучулардын контейнерлерин, товарларын агызып кеткен. Азырынча соодагерлер канча чыгымга учураганы эсептеле элек.