Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, Ош облусунда селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам берилерин билдирди
«Алгач селден жабыркаган, селдин кесепетинен каза болгон жарандарыбыздын жакындарына көңүл айтып коёюн. Кайрат кылыңыздар. Өтүп кеткендерди Кудай өз мээримине алсын деп тилейли. Куран окуп туралы. Башка арга жок. Табияттын кырсыгынан эч ким качып кутула албайт экен. Мен-мен деген дүйнөлүк чоң-чоң державалар дагы табияттын кырсыктарына туруштук бере албай жатканын көрүп эле атпайбызбы.Биз селдин алдын алчу айрым жерлерде курулуш иштерин баштадык. Бир топ жерлерде иштер жүрүп жатат. Мындай иштер мындан ары да уланып кете берет. Өзүңүздөр билесиздер, мурда курулуш иштерин жүргүзчү техникалардын баары тээ 90-жылдардагы эскилиги жеткен техникалар болчу. Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери техникаларды минбей эле, техникалар өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлерин минип калган. Курулуш иштери, алдын алуу иштери дээрлик жүрбөй калган»,- деди ал.
Президентт ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары жаңыланганын жана сел жана башка жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иштери жүрүп жатканын айткан.
«Билесиздер, акыркы үч жыл ичинде техникаларын толук жаңыртып бүттүк. Былтыртан бери эле алгылыктуу иштер башталды. Эми бүткүл республика боюнча бир эле жылда бардык аймактарда селдин алдын алчу жерлерди бүтүрүп салыш кыйын да.Кудай буюрса, жыл сайын курулуш иштерин жүргүзүп олтуруп, келечекте бүтүрөбүз. Мындай алдын алуу иштери тынымсыз уланат»,- деди ал.
Садыр Жапаров мамлекет тарабынан селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн, бирок жарандар да үйлөрүн камсыздандыруудан өткөрүп алуусу керектигин белгилеген.
«Ал эми селден жабыркагандарга келе турган болсок, албетте, мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. “Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем. Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүш керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле. Ошондуктан, учурдан пайдаланып бардык жарандардан мамлекеттик камсыздардыруу компаниясына мүлктөрүңөрдү каттаткыла дейт элем. Көп деле акча болбойт. Кокус кырсык болсо камсыздандыруу компаниясы мүлкүңөрдүн ордун толук толтуруп берет. Ал – мамлекеттик компания. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот»,- деген президент.
14-июль күнү нөшөрлүү жаандан кийин Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ош шаарындагы бир нече айылдарды, Борбордук базарды суу каптаган. Селдин кесепетинен 5 адам каза болду.
Ал эми Кара-Суу районунда жүздөгөн үйлөрдүн короосуна, жер төлөлөрүнө суу кирип, ондогон үйлөр, автоунаалар жараксыз абалга келген.